28.12.2016, 13:34

Турсунбек Абдылдаев, Адина Самыйбек кызы жана Рахатбек Үсөнкожоевдер «Даңк» медалы менен сыйланышты

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-декабрда кол койгон жарлыкка ылайык, кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулуусунун зор үлгүсүн көрсөткөндүгү, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн «Даңк» медалдары менен сыйлансын:
- «Талыкпас-Ата» майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Абдылдаев Турсунбек Абдыкасымович;
- «Тумар» бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы;
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Үсөнкожоев Рахатбек Таштанбекович.