Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/12 12:08
 

Бишкекте кургак учук менен ооруган үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Бишкекте кургак учук менен ооруган үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. Бишкек шаарында кургак учук менен ооруган үй-жайы жок адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Бул демилге ЮСАИДдин “Кургак учукту жеңебиз” долбоорун колдогон “Наркологияга альтернатива” коомдук фондуна таандык. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Соцдемилгенин координатору Виктор Кузнецовдун айтымында, баш калкалоочу жай азырынча 10 адамга эсептелген. Кезекте дагы 50 адам турат. Бул баш калкалоочу жай интенсивдүү стационардык дарылоодон өтүшкөн, эми мындан ары сөзсүз амбулаториялык дарылануусу зарыл болгон үй-жайы, тамак-ашы, акчасы жок болгон адамдар үчүн ачылган. Анткени, кургак учукту дарылоо узакка, кээде 2 жылга чейин созулат. Бул жайда медайымдар жана социалдык кызматкерлер иштешип, оорулуулардын даарылануусун көзөмөлгө алып турушат.

ЮСАИДдин “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун директору Айнура Ибраимова белгилегендей, бул демилге Кыргызстанда кургак учуктун таралышын алдын-алуунун жана көптөгөн жарандарды бул оорудан коргоп калуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Мисалы Бишкек шаарында учурда кургак учук менен ооругун үй-жайсыз 84 адам катталган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу