Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
28/12 10:53
 

КРнын бардык облустарында миграциянын аймактык өкүлчүлүктөрүн ачуу зарыл - Мамлекеттик миграция кызматы

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. КРнын бардык облустарында миграциянын аймактык өкүлчүлүк кызматтарын ачуу зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиевдин ведомствонун алдындагы Маалыматтык –консультациялык борбордун кызматкерлери менен жолугушуу учурунда айтылганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда ал борбордун иши менен таанышып, сапаттуу консультацияны ишке ашыруу, чет өлкөлөргө иштөөнү пландаган жарандарды бардык керектүү маалыматтар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

М.Айдаралиев 2017-жылдагы артыкчылыктуу милдеттер болуп мигранттарга ошол жерден жардам берүүнү системалаштыруу экенин айтып, мында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Миграция процессинин актуалдуулугу эске алынып, бардык облустарда аймактык өкүлчүлүк кызматтарын ачуу маселеси талкууланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу