Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
28/12 10:48
 

Бишкекте 1916-жылдагы окуяга арналган «Эки эл – бир жол» аттуу тегерек стол өттү

 Бишкекте 1916-жылдагы окуяга арналган «Эки эл – бир жол» аттуу тегерек стол өттү

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана трагедиянын 100 жылдыгына арналган “Эки эл – бир жол” аталыштагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек стол КРнын Президентинин “1916-жылдагы кайгылуу окуянын жүз жылдыгы тууралуу” жырлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаранын алкагында жана 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхына кайрылуу жана ага объективдүү кароо максатында өттү.

Тегерек столго философия илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, КРСУнун кафедра башчысы Аскар Какеев, тарых илимдеринин доктору, КРСУнун кафедра башчысы, профессор Гүлмира Жунушалиева, тарых илимдеринин кандидаты, КМУнун жалпы тарых жана социалдык-экономикалык жана укуктук тартип кафедрасынын доценти Гүлнара Жыргалбекова, 1-Май райондук билим берүү борборунун директору Алмаз Исмаилов жана жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жана мугалимдери катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу