Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/12 18:13
 

Төө-Ашууда учурда 10 го жакын жүк ташуучу машиналар топтолушуп турат

Төө-Ашууда учурда 10 го жакын жүк ташуучу машиналар топтолушуп турат

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Бишкек-Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда учурда 10 го жакын жүк ташуучу машиналар топтолушуп турат, деп билдирди КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, учурда Төө-Ашууда кар тынбай жаап жатат. Министрликтин Жол-эксплуатациялык мекемелери тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум, туз чачуу иштери жүрүүдө. Бирок ошого карабай оор жүк тарткан жана прицеп сүйрөгөн машиналар өйдөгө чыга алышпай, тайгаланышып жолду бөгөп туурасынан туруп калышууда.

“Оор жүк тарткан жана прицеп сүйрөгөн машиналардын айдоочулары дөңгөлөккө чынжырларды качан гана тайгалынып чыга албай же жолду бөгөп туурасынан туруп калганда гана тагышууда”,-деп белгиледи КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси К.Досумбетов.

Басма сөз кызматы оор жүк тарткан жана прицеп сүйрөгөн машиналардын айдоочуларын дөңгөлөккө таккан чынжырларды ала жүрүлөрүн жана аларды тыгылып калардан мурда тагып алууларын өтүнөт жана мындан тышкары жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө токтоосуз алмаштырып алууларын суранат.

(Сүрөт интернеттен алынды)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу