27.12.2016, 18:02

Сасык тумоо боюнча республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу - Саламаттыкты сактоо министрлиги

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга жүргүзүлгөн жумалык мониторинг көрсөткөндөй, республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 26-декабрда ооругандардын саны 1,6 эсеге төмөндөгөн. 19-декабрда республика боюнча 5 миң 21 адам сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция белгиси менен меджардамга кайрылса, 26-декабрда 1 миң 919 адам кайрылган.

“Оорунун төмөндөшү Бишкек, Ош шаарларында жана республиканны бардык облустарында байкалууда. 26-декабрда республика боюнча окуучулардын мектепке баруулары жөнгө салынды”,-дешти басма сөз кызматынан.

Министрликтен ошондой эле сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияны алдын алуу жаатында санитардык профилактикалык иш-чаралар улантылып жатканын кошумчалашты.