27.12.2016, 16:47

Жарандыкка байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталды

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Инсандыкты күбөлөндүргөн улуттук документтер жөнүндө” мыйзам долбоору менен бир пакетте даярдалган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, 2017-жылдын биринчи жарымында инсандыкты күбөлөндүргөн жаңы үлгүдөгү документтер менен кыргыз жарандарын камсыз кылуу боюнча өнөктүктү баштоо пландаштырууда. Мамлекеттик каттоо кызматы жогоруда аталган документтердин үлгүлөрүнүн жана сыпатамаларынын тийиштүү долбоорлорун даярдаган.

Ошондон улам, инсандыкты күбөлөндүргөн документке карата коюлуучу эл аралык талаптарга ылайык, мыйзам долбоору аркылуу ушул мыйзам долбоору менен “идентификациялык карта” жана “электрондук паспорт” сыяктуу түшүнүктөр киргизилүүдө. Ал жарандыктын электрондук идентификациялык картасы пайдаланылат. Бул документ электрондук чипке түшүрүлүп, адамдын кертбашын күбөлөндүрүп, жарандыгын тастыктап турат.

Ал үчүн “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.