27.12.2016, 16:20

Кыргызстанда жыл башынан бери 2470 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери 2470 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылды

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан 2470 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Бул турмуштук оор кырдаалга туш болгон 2522 баланын 98%ын түзөт.
Мында Бишкек шаарындагы 103 баланын 109ү;
Ош шаарындагы 195 баланын 189ү;
Чүй облусундагы 262 баланын 260ы;
Ысык-Көл облусундагы 249 баланын 239у;
Талас облусундагы 79 баланын 13ү;
Жалал-Абад облусундагы 487 баланын 482си;
Нарын облусундагы 462 баланын 460ы;
Ош облусундагы 210 баланын 205и;
Баткен облусундагы 465 баланын 453ү турмуштук оор кырдаалдан чыгарылды.

Калган 53 балага да жардам берүү иштери улантылууда.

(Сүрөт интернеттен алынды)