Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/12 16:16
 

Парламентте кийим чече турган жайдын кызматкери иштен бошотулган жок – парламенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Парламент мекемесинин кийим чече турган жайында иштеген кызматкердин иштен алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР парламентинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында парламент имаратынын кийим чече турган жайында иштеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын кызматкеринин ишинен бошотула тургандыгы жөнүндө маалыматтар жарыяланды.

Жогорку Кеңештин Аппаратынын Басма сөз кызматы бул маалыматтын чындыкка коошпостугун билдирет. О.Мамытова ишинен бошотулган жок, ал өз иш-милдетин аткарууну улантууда”,-деп айтылат билдирүүдө.

ЖМКлар жазгандай, аялды иштен алууну каалашкан, анткени кечээ КТРКнын башкы директору Илимбек Карыпбеков өзүнүн Twitterдеги баракчасына ал ЖКнын комитетинин жыйынынан чыкканда кийим чечкен жайдагы кызматкер ордунда жок болгон деп пост жазган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу