Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/12 15:35
 

Кыргызстандагы эң суук айылга жардам берилди

Кыргызстандагы эң суук айылга жардам берилди

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Ушул күндөрү Швейцариянын эл аралык кызматташтык боюнча Хельветас Свисс Интеркооперейшен уюму алыс аймактардагы турмуш-шарты начар аялуу катмардагы адамдардын үй-жайын кышка карата жылуулап берүү иш-аракеттерин улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жакында эле Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында, 86 жаштагы карыган апасы жана кичинекей 4 баласы бар жаш үй-бүлөнүн үйү замандын талабына ылайык мыкты жылуулоочу курулуш каражаттары менен оңдолуп берилди.

Үйдүн кожоюну Тариэл Өмүркуловдун айтымында, айылдагы сууктун күчү кышкысын 40-45 градуска, чилде киргенде 50-55 градуска чейин көтөрүлүп кетет. Мындай шартта үйдү жакшы жылуулабаса болбойт.
“Үйүбүздү эски союз учурунда атам 1,5 кирпич калыңдыкта жакшы эле салган экен. Бирок анда камсыздоо жакшы болуп, отундан кам санашчу эмес. Азыр бизге көмүр жетиши кыйын, жетсе да кымбат. Электр энергиясынан күчүбүздү чыгаралы десек акчадан түтчүдөй эмеспиз. Келинчегим мугалим болгону менен анын айлыгы тамак-аштан ашпайт”, – деди ал.

Жакында ушул айылдагы “Демөөр” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айнагүл Мураталиева Хельветас уюмуна атайын долбоор жазып, Кыргызстандын эң суук аймагы болгон ушул Кожомкул айылындагы үйлөрдүн бирин жылуулап берүүнү өтүнгөн. Анткени Хельветас Свисс Интеркооперейшен уюму “АВЕП” деп аталган коомдук фонд аркылуу калктын аялуу катмары болгон колунда жок кары-картаңдардын, жетим-жесирлердин жана майыптардын үй-жайын атайын комиссия аркылуу карап, киреше таба турган мүмкүнчүлүктөрү төмөн болсо үйүн кышка карата акысыз жылуулап берип жүрөт. Ал үйдү жылуулагандан тышкары ошол айылдагы жумушсуз жүргөн, бирок курулушка шыгы бар жаштарды чогултуп, үйдү жылуулоонун туура технологиясын үйрөтүшөт. Максаты турак жайды туура жылуулоо тажрыйбасын алыскы айылдарга жеткирүү, жумушсуз жүргөн жаштарды кесипке үйрөтүү болуп эсептелет. Жыйынтыгында Тариэл Өмүркуловдун үйү кышка карата сапаттуу жылууланып, ысыкты жакшы бөлүп чыгарган меш салынып берилди. Келинчеги Миргүл Борукчиеванын айтымында, мурда кышкысын бардыгы бир бөлмөгө тыгылып, темир мешти тегеректеп эптеп кыштан чыгып жүрүшкөн.
“Үйдүн башка бөлмөсү суук болгондуктан кышкысын муздаткычка айланчу. Мисалы идишке суу куюлуп кала турган болсо тоңуп калчу” – деди ал.
Ошентип Т.Өмүркуловдун үйү кышка карата калыңдыгы 5 см болгон пенопласт менен капталып жылууланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу