Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/12 15:28
 

Ошто балдар үчүн мэрдин балатысы өттү

Ошто балдар үчүн мэрдин балатысы өттү

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрь Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Келечек” чыгармачыл балдар борборунда балдар үчүн уюштурулган “Алтын балаты” аттуу жаңы жылдык майрамга катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жылдык балатыга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, балдар үйүндө тарбияланып жаткан наристелер, көзү азиздер үчүн адистештирилген мектебинин окуучулары жана шаардагы алдынкы окуучулар чакырылган. Алар калаа башчысы менен биргеликте жаңы жылдын символу балатыны күйгүзүп, тегерене бийлешти.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев келечек муундун өкүлдөрүн билимдүү болууга үндөп, жаңы жылы менен куттуктады.

“Жыл сайын жаш досторум менен бирге жаңы жылды тосуп, жакшы каалоолорумду айтуу мен үчүн бактылуу күндөрдүн бири. Убакыт учкан куштай тез эле өтөт. Силер бүгүн балалык кыялыңар менен мугалим, доктор, актер, космонавт, инженер болгуңар келет.Мен силердин тилегиңер ишке ашышына тилектешмин. Көп окуп, билимиңерди жогорулатып, жүрүм турумуңар менен башкаларга үлгү болгула. Жаңы жыл силерге жаңы ийгиликтерди, жакшылыктарды алып келсин”,- деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, наристелерге майрамдык маанай тартуулады. Аяз ата, аяз кыз, токой жаныбарлары менен биргеликте балдарга оюн-зоок программаларын көрсөтүп, конкурстар уюштурулуп, таттуулар таратылды.

Жаңы жылдык балатыда 160дан ашуун балага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан белектер тапшырылды. Айта кетсек, балдар үчүн даярдалган белектерге жалпысынан 130 миң сом жумшалган.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу