Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/12 14:25
 

Казарман- Акталчат-Нарын унаа жолу жабылат

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча Агенттигинин берген маалыматына ылайык, Казарман-Акталчат-Нарын унаа жолунун 44-45 жана 67-94- чакырымдары Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ошонун негизинде артиллериялык куралдарды колдонуу менен жогоруда белгиленген Кара-Гөө ашуусунда кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын аткаруу талабы коюлган.

Кар көчкүнү аттырууга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Балыкчы аткычтар батальонунан артиллериялык расчет бөлүнүп. Буйуртманы аткарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - Жарандык коргонуу тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу жагы тапшырылды.

2016-жылдын 27-29-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин кызматкерлери жана артиллериялык расчеттун курамы биргеликте кар көчкүлөрүн түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшөт.

Казарман-Акталчат-Нарын унаа жолунун 44-45 жана 67-94- чакырымдары болгон Кара-Гөө ашуусу убактылуу жабылаарын эскертебиз.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу