27.12.2016, 13:25

Бишкектин тургуну Маматжан Алиев ӨКМнын “Чөгүп бара жаткандарды куткарып калгандыгы үчүн” медалы менен сыйланды

Бишкектин тургуну Маматжан Алиев ӨКМнын “Чөгүп бара жаткандарды куткарып калгандыгы үчүн” медалы менен сыйланды

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. КР ӨКМнын буйругуна ылайык 2016-жылдын 27-декабрында Маматжан Алиев адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги бааланып ӨКМнын “Чөгүп бара жаткандарды куткарып калгандыгы үчүн” медалы менен сыйланды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов М.Алиевге медаль тапшырып жатып, ага адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубат турмуш каалады.

Эскерте кетсек, жайында “Гавайи” кафесинин көлүнө автомобиль жүргүнчүлөрү менен кошо түшүп кеткен. Ошол учурда Мамлекеттик Бажы кызматынын инспектору Роман Торопов менен Бишкек шаарынын тургуну Маматжан Алиев машинедеги адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн активдүү аракет кылышып, аларды куткарып калышкан. Мындан мурда Р.Торопов да “Чөгүп бара жаткандарды куткарып калгандыгы үчүн” медалы менен сыйланган.