Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
27/12 10:53
 

Шаар мэриялары жана шаардык кеңештер үчүн бир жылдык окуу аяктады

 Шаар мэриялары жана шаардык кеңештер үчүн бир жылдык окуу аяктады

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен уюштурулган шаар мэрияларынын жана шаардык кеңештердин маанилүү кызмат адамдары үчүн өткөрүлгөн 72 сааттык курс жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Бир жылга созулган бул окуу учурунда шаарлардын вице-мэрлери, мэриялардын аппарат жетекчилери, шаардык кеңештердин жооптуу катчылары жана депутаттары билим гана албастан, шаарларды мындан ары өнүктүрүүгө болгон пикирлерин алмашышып, биргеликте төмөнкү сунуштарды киргизишти.

1. Сунуш: Административдик-аймактык реформанын алкагында шаарлардын деңгээлин так аныктап чыгуу

Себеп: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 31 шаар бар. Алардын ичинен 2 республикалык маанидеги, 12 областык маанидеги, 17 райондук маанидеги шаарлар болуп бөлүнөт. КРнын мыйзамдарына ылайык элинин саны 10 миң адамдан ашса райондук маанидеги шаар статусун алуу мүмкүндүгү белгиленген. Ал эми областык маанидеги статуска ээ болуш үчүн элинин саны 25 миңден кем болбоосу зарыл. Административдик-аймактык реформанын алкагында биринчи республикалык жана областык маанидеги шаарлардын чек-араларын так аныктап, туташ жайгашкан же тыкыс чектешкен айыл аймактарын кошуп алуу менен текши шаар аймагына айлантуу сунушталат. Ошол эле учурда элинин саны 25 миңден эбак ашса дагы райондук маанидеги шаар статусу менен жүргөн шаарлар бар. Мисалы: Кара-Балта шаары.

Оң таасирлери: Биринчи кезекте шаарлардын чек-аралары так аныкталса, чектеш жайгашкан айыл аймактары менен маселелерди бир тараптуу чечүүгө мүмкүн болот. Шаардын келечектүү өнүгүү планын түзүүдө шаардын аймагы бир бүтүн болуусу эң маанилүү.

Күтүлүүчү кыйынчылыктар: Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө чек-араларды аныктоо дайыма талашып-тартышууну жаратып келген. Ошондуктан, сөзсүз түрдө бул маселени чечүү үчүн жогорку бийлик өкүлдөрүнүн саясий чечкиндүүлүгү керек. Айрым айыл аймактардын жетекчилери айыл аймагы жоюлуп шаарга кошулуп кетүүсүн каалабагандыктан, жергиликтүү элди мындай чечимге каршы үгүттөп, нааразычылык маанайды жаратып коюусу ыктымал. Эгер чечим кабыл алына турган болсо бир катар укук-ченемдик актыларды кабыл алууга туура келет. Бул албетте убакытты талап кылат дегенди билдирет.

2. Сунуш: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын мыйзамындагы 18- жана 20-беренелерин кайрадан карап чыгып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн укук, милдеттери так аныкталып жана ажыратылуусу.

Себеп:18-беренеде Жергиликтүү маанидеги маселелер, ал эми 20-беренеде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары жазылган. Бул беренелерди кылдаттык менен кайрадан ревизиялап чыгуу абзел.Мисалы: 18-беренеде элди таза суу менен камсыз кылуу шаар мэриясынын түздөн түз милдетине кирет. Бирок, бүгүнку күндө таза суу маселеси толук чечилбеген шаарларда таза суу системасын киргизүү Мамлекеттик таза-суу менен камсыз кылуу департаменти АРИС аркылуу донор уюмдардын каржылоосу менен ишке ашырат. 41-беренеде шаар мэриялары калкты социалдык жактан коргоо программаларын иштеп чыгып, аны жөзөгө ашырат деп белгиленген. Бул милдетти Социлдык коргоо боюнча мамлекеттик орган менен бирин-бири кайталаган, талаштуу функция катары эсептесек болот. Ушул сыяктуу так аныкталбаган укук-милдеттерди тактап чыгуу зарыл.

Оң таасирлери: Жергиликтүү маанидеги маселелер такталса, биринчи кезекте мэрия жана шаардык кенешөздөрүнүн аткара турган иштерин, милдеттерин так билип алышат. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар дагы жер-жерлерде кайсы иштерге милдеттүү экендиктерин так ажыратып билүүлөрү керек.

Күтүлүүчү кыйынчылыктар:Жогорудагы мыйзамдын 18-20-беренелерине тактап, так ажыратуу менен бир катар тармактык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Мындай өзгөртүүлөр тажрыйбалуу адистерди жана убакытты талап кылат.

3. Сунуш: Бишкек шаарынын жергиликтүү аймактык башкарууларынын тажрыйбасын башка шаарларга жайылтуу

Себеп: Бүгүнкү күндөБишкек шаарында 21 жергиликтүү аймактык башкаруулар (МТУ) түзүлүп, алар мэриянын аймактык түзүмдөрү катары иш алып барууда. Бирок бир катар чечилбеген маселелер бул жергиликтүү аймактык башкаруулардын толук кандуу иш алып кетүүсүнө тоскоолдук жаратып келет. Биринчи кезекте укук-ченемдик акты менен алардын орду так аныкталбагандыгында.Ошондуктанжергиликтүү аймактык башкаруулар тууралуу укуктук ченемдик база республикалык деңгээлде калыптандырылышы абзел.
Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө КРнын мыйзамынын 8-главасындааймактык коомдук өз алдынча башкаруу жөнүндө кеңири белгиленген. Бир катар шаарларда башкаруунун ушул формасын пайдаланып келишет. Бирок, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун юридикалык формасы коомдук бирикме болгондуктан, мэрияаларга тапшырма берип башкарууга укуктук негиз жок.

Оң таасирлери: Шаардын аймагын бир бүтүн башкарууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Шаар тургундарына шаар мэриясынын кызматтарынан пайдалануусу үчун жакшы шарт түзүлөт.

Күтүлүүчү кыйынчылыктар: Бир катар укук-ченемдик актылар иштелип чыгуусу керек. Бул тиешелүү адистерди жана убакытты талап кылат.

Жогорудагы курсту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана Ханнс Зайдель Фонду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу менен биргелешип өткөрүштү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу