Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
27/12 10:49
 

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кабыл алынган конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин сот түзүлүшүн реформалоого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн эксперттик иш тобунун ишинин алкагындагы чечимдерин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

Эксперттик топ тарабынан мыйзамдардын төмөнкү пакети иштелип чыккан: «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Жарадык процессуалдык кодекстерине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө», «Жергиликтүү соттордун түзүмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ж.б.). Бул мыйзам долбоорлоруна ылайык Кыргыз Республикасынын аскер сотторун жоюу каралган.
Кийинчерек бул мыйзам актылары депутаттар тобу тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси түрүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.

Кабыл алынган конституциялык мыйзам боюнча иштеп жаткан «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын аскер сотторунун судьяларынын кызматтык окладдарына аскердик наамы үчүн кошумча төлөмдөрдү жөнгө салган 10-беренесинин 2 - бөлүгү күчүн жоготту деп табылган.
Иштеп жаткан конституциялык мыйзамга бул түзөтүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы аскер сотторунун жана аскер судьяларынын кызматтарынын жоюлушунан улам келип чыккан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу