27.12.2016, 10:24

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге судьялык кызматтарга талапкерлер сунушталды:

- КР Жогорку сотуна - 5 адам;

- жергиликтүү сотторго: Кызыл-Кыя шаар сотуна (1 адам), Баткен облусунун Баткен (1 адам) жана Кадамжай (1 адам) райсотторуна, Талас облусунун Талас шаар сотуна (1 адам) жана Нарын облусунун Нарын шаар сотуна (1 адам) – бардыгы 5 талапкер.

2016-жылы 16-декабрда Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аӊгемелешти. Анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти КР Жогорку сотунун судьялыгынын кызматына 3 талапкер жана жергиликтүү соттордун судьялыгынын кызматына 4 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.

Ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 26-декабрда 3 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Андан ары КР Жогорку сотунун судьялыгынын кызматына талапкерлерди кароо жана көрсөтүү «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

КР жергиликтүү сотторунун судьялыгынын кызматына талапкерлер боюнча Мамлекет башчысы 2 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурстардан тандалган 4 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган 4 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

Кызыл-Кыя шаар сотуна: Ахматов Нурлан Төлөгөнович, Баткен райондук сотуна: Оморов Расул Бактыбекович, Кадамжай райондук сотуна: Алимбекова Жылдыз Кубанычевна, Нарын шаар сотуна: Жоробекова Айнагүл Мамаюнусовна.

Андан ары жергиликтүү соттордун судьялыгынын калган кызматтарына талапкерлерди кароо жана көрсөтүү «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.