Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
26/12 17:49
 

Оор атлетчи Иззат Артыковдун кызытма колдонгондугу боюнча соту январда Швейцарияда өтөт

Оор атлетчи Иззат Артыковдун кызытма колдонгондугу боюнча соту январда Швейцарияда өтөт

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Оор атлетчи Иззат Артыковдун кызытма колдонгондугу боюнча сот 11-январда Швейцарияда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Оор атлетика боюнча федерациясынын вице- президенти Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тараптан сотко ал өзү жана спортчу Иззат Артыков катышат.

“Бул медалга жетиш үчүн биз көп иштедик. Спортчудан анаболикалык стероиддерди табышкан эмес, психотропдук каражатты табышкан, аны биз дегеле колдонгон эмеспиз. Буга чекитти сот 11-январда коёт, биз күнөөсүз экенибизди дадилдейбиз деп ишенем. Сотко мен, Иззат, ЕККУнун өкүлү жана бразилиялык биздин адвокат барат. Биз азырынча билбейбиз, мүмкүн адвокат бизди скайп аркылуу коргоп турат. Бизди каралап келишти, бирок ким чындыгында иштегенин, ким жөн гана былжырап жатканын убакыт көрсөтөт”,-деди У.Молдодосов.

Эскерте кетсек, Иззат Артыков Риодогу жайкы Олимпиадалык оюндарда коло медель жеңип алган. Бирок, кийинчерээк стрихнин кызытмасын колдонгон деген жүйөө менен медалдан четтетилген. Мындан улам КР Улуттук Олимпиада комитети бул чечимдин туура эместигин айтып CASке арыз менен кайрылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу