Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
26/12 17:08
 

МКК менен МИК кызматташтык жаатында Меморандумга кол коюшту, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Тайырбек Сарпашев менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” (МИК) ААКсынын башкармалыгынын төрагасы кызматташтык жаатында Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматынан билдирди.

Төрагалар Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020” Программасын ишке ашыруунун алкагында өз ара кызматташаарын белгилешти.

Ошондой эле, тараптар комбанктар аркылуу рефинансылоо жолу менен республикада ипотекалык кредиттөө механизмин колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүүнүн үстүндө да биргелешип иштешүү керектигине токтолушту.

Мында сунуш кылынып жаткан жаңылыктын бири – ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгаруу аркылуу ипотекалык кредиттөөнүн экинчилик рыногун туруктуу өнүктүрүүгө негиз болгон мыйзам актыларын биргелешип иштеп чыгуу болмокчу.

Тараптар ошондой эле автоматташтырылган маалымат алмашууга жана ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүүгө багытталган жана башка иш-чаралар жаатында макулдашышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу