Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/12 16:40
 

2016-жыл ички жана тышкы саясат үчүн мазмундуу жана жемиштүү болду – Жыпар Жекшеев

Бишкек, 26-декабр /Кабар/. 2016-жыл ички жана тышкы саясат үчүн мазмундуу жана жемиштүү болду. Бул тууралуу саясат тануучу жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев өтүп бара жаткан жылга карата сереп салып жатып айтты.

“Тышкы жана ички саясат бири-бири менен байланыштуу, биринен бири келип чыгат. Биз тышкы саясатты кандай түзсөк, ал ички саясатка ошондой таасир этет. Референдумдан кийин парламентаризмге чечкиндүү кадам таштаганыбызды белгилеп кетүү керек. Бул биздин демократиялык имиджибизди бекемдегенибизди, айтып турат, бул тышкы саясатыбызга, айрыкча Европа өлкөлөрү менен болгон мамилебизге оң таасир этет”,-деди ал.

Саясат таануучу демократиялык өнүгүүгө жана парламентаризмге багыт алуу менен бирге эле ислам мамлекеттери менен да мамиле тереңдеп жатканын билдирди.
“Мындан тышкары, Кытай, Иран, Индия да биздин өлкөгө кызыгышууда. Ал эми Россия менен бизди көп нерселер байланыштырып турат”,-деди Ж. Жекшеев.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өзгөчө белгилеп кетүү керек, бул боюнча БУУ дагы резолюция кабыл алды, демек бул биз эл арылык жогорку деңгээлде өзүбүздүн идентивтүүлүгүбүздү жарыялай алганыбызды айтып турат. Кыргызстан дүйнөдө көчмөндөр цивилизациясынын өнүгүшүнүн башатында экенин дүйнө эли тааныды”,-деп кошумчалады саясат таануучу.

Коомдук ишмер ошондой эле Кыргызстандын акыркы жылдары жетишкен энергетикалык көз карандысыздыгын да белгиледи.
“Биз энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук. ИДПда позитивдүү алга жылуулар бар. Биз ЕАЭБнын толук укуктуу мүчөсү болдук, ал келечекте жакшы ийгиликтерди алып келет. Экономиканын реалдуу сектору өнүгөт”,-деп айтты ал . Анын пикиринде ички жана тышкы саясаттын өнүгүшүнө коррупцияга каршы күрөштөгү жетишкендиктер себеп болду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу