Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
26/12 12:17
 

Токон Мамытов: 2016-жыл Кыргызстан үчүн позитивдүү болду, эң башкысы республикада туруктуу коомдук-саясий кырдаал өкүм сүрдү

 Токон Мамытов: 2016-жыл Кыргызстан үчүн позитивдүү болду, эң башкысы республикада туруктуу коомдук-саясий кырдаал өкүм сүрдү

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Эң башкысы өлкөдө туруктуу коомдук-саясий кырдаал болуп, көптөгөн социалдык-экономикалык маселелер чечилди, бул өзгөчө коопсуздук жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине тиешелүү. Бул тууралуу Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов Кыргызстан үчүн өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирди.

“Биз аскер кызматкерлеринин турак-жай, ошондой эле айлык-акысы боюнча маселени чече алдык. Бул биринчи кезекте, чек арачылар, коопсуздук органдарынын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине тиешелүү”,-деп белгиледи Т.Мамытов.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы мурда биринчи жана экинчи бийликтин тушунда бул маселелер чечилген, аскер кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, каржылык маселелерин чечүү боюнча чаралар кабыл алын деп белгиледи. Бирок, Т.Мамытов билдиргендей, мындайлар сейрек кездешүүчү, ал кандайдыр бир окуяга көз каранды болгон. “2016-жылы коопсуздук кызмткерлерине 15 тен ашык көп батирлүү үйлөр берилди. Ошондой эле, бул жылы биз транспорттук жана энергетикалык коопсуздук жаатында коңшу өлкөлөрдөн көз карандысыз болгонубузду сездик. 2016-жыл бурулуш учур болду, ал Кыргызстан газ, электр энергиясы жана транспорттук каттам боюнча коңшулардан көз карандысыз болгону менен шартталат. Тескерисинче азыр коңшуларыбыз Кыргызстандан көз каранды боло баштады”,-деди ал.

Анын айтымында, муну менен катар дагы көптөгөн чечиле элек маселелер бар, муну менен эле токтоп калбай андан ары улантуу керек.
Т.Мамытов бөлүп көрсөткөн кытай элчилигинде болгон акыркы окуядан тышкары, дагы бир ийгиликтүү учур бул Кыргызстандын укук коргоо жана коопсуздук органдарынын Кыргызстандын аймагында терроризм жана экстремизмге жол бербөө боюнча кырдаалды көзөмөлдөөгө жетишкени болуп саналат. “Бирок, кудайга шүгүр ал тынч тургундардын жана дипломаттардын өлүмүнөн тышкары болду”,-дейт ал.

Мындан тышкары, ал 2016-жылдын Кыргызстан үчүн дагы башка ийгиликтүү болгону “Азия Микс” КВН командасынын утушу, Кайрат Примбердиевдин “Голос” долбооруна өтүшүн, жана башка биздин мамлекеттин маданий бөлүгүн оң жагына көрсөтө алган кыргыз артисттеринин жана ырчыларын белгиледи. “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюндары менен катар “Азия Микс” командасынын, ырчы Кайрат Примбердиевдин ийгиликтери муну толуктап турат”,-деп эсептейт ал.

Т.Мамытов белгилегендей, Кыргызстанда этникалар аралык макулдашуу Концепциясын ишке ашыруу маселесинде дагы жыйынтыктар бар. “Ушул Концепция аркылуу айрым этникалар аралык мүнөздөгү маселелерди чечүүгө мүмкүн болду, бул өтө маанилүү фактор болуп эсептелет, анткени Кыргызстан улуттук өлкө. Жыл өткөн сайын көп улуттан турган кыргыз коомчулугу жалпы өнүгүп-өсүү үчүн 3 шарттын зарылдыгын сезе баштады: биринчи – Кыргыз элинин жана жалпы улуттардын биримдигин; экинчи – туруктуулуктун зарылдыгын жана үчүнчү – экономикалык, социалдык жана башка мүнөздөгү модернизация. Туруктуулук болсо мунун бары мүмкүн”,-деди Т.Мамытов.

Жыйынтыгында Токон Мамытов Концепцияны жүзөгө ашыруу маселесинде Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана ассамблеянын курамына кирген ар бир этникалык биримдиктин мааниси чоң экенин кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу