Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
26/12 12:03
 

Медеткан Шеримкулов: «Асаналы Толубаев согуш мезгилинде жарлыктарга кол коюп парламенттин милдетин аткарып турган»

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Ушул кезге чейин белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаевдин эстелиги жок. Ошондуктан, ордо калаада анын эстелигин тургузуу, көрүстөнүн иретке келтирүү, туулуп-өскөн айыл өкмөтүнө ысымын ыйгаруу, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун акыркы төрагасы – XII чакырылыштагы «легендарлуу парламенттин» жетекчиси Медеткан Шеримкулов Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция жүрүшүндө билдиргенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

«Асанаалы Толубаев өтө кыйын учурда кыргыз парламентин жетектеген. IчакырылыштагыЖогорку Советтин депутаттарынын көбү согушка кеткен. Ошого карабастан, ал Президиумдун төрагасы катары жарлыктарга өзү кол коюп, парламенттин милдетин аткарып турган. Өзгөчө, согуш болуп жаткан жерлерден көчүрүлүп келген жарандар менен завод менен фабрикаларды, Кавказ жергесинен депортацияланган адамдарды жайгаштырууда кошкон салымы эбегейсиз», - деди ал.

Депутат Өмүрбек Текебаев Кыргыз ССРинин алгачкы Конституциясынын долбоорун даярдоого жана кабыл алууга Асаналы Толубаевдин сиңирген эмгегин бөлүп көрсөттү. Ал эми депутат Каныбек Иманалиев кыргыз парламентинин тарыхый таржымалын үч доорго – советтик, көзкарандысыздыкка ээ болгон жана эгемендик мезгилине бөлүү менен, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чарага мына ошол үч доордун үч төрагасы тең катышып жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциягаЖогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Асаналы Толубаевдин жакындары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу