Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/12 12:34
 

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжан Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Бишкек, 24-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

«Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө Сиздин жеке салымыңызды Кыргызстан эли жогору баалайт.

Сиздин мамлекеттин иштеги профессионализм жана бай тажрыйбаӊыз Азербайжандын мындан ары гүлдөп өсүшүнө жана анын эл аралык кадыр-баркынын артышына өбөлгө болот», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев Президент Ильхам Алиевге бардык жакшылыкты – бакыт, ден соолук жана байгерчилик каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу