Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 17:38
 

Оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү Чүй облусунда

Оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү Чүй облусунда

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 8089 үй-бүлө оор турмуштук шартта жашай тургандыгы аныкталган, деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү Чүй облусунда – 1195.

Ош областында – 1 121 үй-бүлө,
Жалал-Абад областында– 1 087 үй-бүлө,
Ысык-Көл областында – 1 046 үй-бүлө,
Баткен областында – 955 үй-бүлө,
Талас областында – 812 үй-бүлө,
Нарын областында – 797 үй-бүлө,
Ош шаарында – 602 үй-бүлө,
Бишкек шаарында – 474 үй-бүлө оор турмуштук шартта жашай тургандыгы аныкталган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо аймактык башкармалыгы мамлекеттик аймактык органдар менен бирдикте оор турмуштук шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн ар бир төртүнчүсүнүн жашоо-турмушун оңдоого жардам беришкен. Калган үй-бүлөлөргө да жардам берүү улантылууда.

(Сүрөт интернеттен алынды)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу