Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 17:19
 

«КРнын 2015-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу» Мыйзамга кол коюлду

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 30-ноябрда кабыл алган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошкондо) 113, 9 млрд сом өлчөмүндө, чыгымдар боюнча 120,4 млрд сом өлчөмүндө, чыгымдардын кирешелерден 6,5 млрд сомго ашып кетиши менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу