23.12.2016, 16:48

Депутат РКӨФнын төрагасы К.Кулматовдун эмгек акысын бир топко жогорулатып айткан – РКӨФ

Депутат РКӨФнын төрагасы К.Кулматовдун эмгек акысын бир топко жогорулатып айткан – РКӨФ

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Депутат Өмүрбек Текебаевдин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Кубанычбек Кулматовдун эмгек акысы 15 миң долларды түзөт, деп айткан билдирүүсүнө карата РКӨФдан “Кабар” агенттигине маалымат беришти.

“Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун коммуникация кызматы билдиргендей, фонддун кызматкерлеринин эмгек акысы конфиденциалдуу болуп эсептелет, ал эми депутат тарабынан айтылган сан бир топко жогорулатылган”,-деп белгиледи фонддон.