23.12.2016, 16:17

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына диндер жана маданият аралык диалогдун аспабы катары эл аралык баа берилди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына диндер жана маданият аралык диалогдун аспабы катары эл аралык баа берилди

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. БУУнун Башкы Ассамблеясы 67-пленардык сессиясынын жүрүшүндө “Тынчтык үчүн өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыктын диндер жана маданият аралык диалогуна сый көрсөтүү” резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Резолюцияда 2016-жылдын 3-10-сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыны маданият аралык диалогду өнүктүрүүдөгү, социалдык биримдикти, тынчттыкты бекемдөөдөгү ролу белгиленген. Ошентип Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына диндер жана маданият аралык диалогдун, тынчтык үчүн өз ара түшүнүшүүнүн, кызматташуунун аспабы катары эл аралык баа берилген.

Бул документ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданият аралык диалогго кошкон зор салымын тааныган БУУнун 2-документи. Мындан мурда Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы апрелде Баку шаарында (Азербайжан) өткөн БУУнун Глобалдык Форумунун 7-жыйынтык декларациясына киргизилген.