Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 15:37
 

“Тазалыктын” кызматкерлери Бишкекти кардан тазалап жатат

 “Тазалыктын” кызматкерлери Бишкекти кардан тазалап жатат

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуарларды, аялдамалардын айлана-тегерегин жана шаардын жолдорун кардан тазалап жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, таң эртеден баштап Бишкек шаары боюнча “Тазалык” МИнин жана шаардык жергиликтүү аймактык башкармалыктардын көчө тазалагыч кызматкерлери иштеп жатат. Карды тазалоо боюнча натыйжалуу иштер үчүн атайын техникалардын саны көбөйтүлдү, линияда 28 кар тазалоочу унаалар иштеп жатат. Тротуар жана жолдорду тазалоо үчүн жол-эксплуатациялык башкармалыктын 20 кызматкери, андан тышкары шаардык райондордун 510 көчө тазалагычтары иш алып барышууда.

Жолдорго 220 тонна кум жана 24 тоннадан ашык туз себилди. Тазалоо иштери уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясы таштанды, кулуган бутактарды жана коомдук жайларда муздарды тазалоо боюнча билдирүүлөрдү WhatsApp тиркемеси аркылуу төмөнкү номерлерге сүрөтү менен жиберүүнү өтүнөт:
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (1-май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу