Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 13:40
 

Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына жаңы жетекчи тааныштырылды

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына төрага Медетбек Айдаралиевди тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо б1лүмү билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги ведомствого жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетти жумшаарына ишеним билдирди. Ал жаңы жетекчиликке жана жамаатка ийгиликтерди жана ырааттуу ишти каалады.

Белгилесек, бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу