Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 13:31
 

Президент Алмазбек Атамбаев Япония Императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япония Императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы кыргыз-япон кызматташтыгы мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог багытында өнүгө турганына ишеним билдирди.

«Япония Өкмөтүнүн өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана демократиялык коомду курууга көрсөтүп жаткан колдоосун жана көмөгүн Кыргыз Республикасы жогору баалайт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Император Акихитону келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Япония элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу