23.12.2016, 12:44

«Ош» аэропорту бүгүн саат 10:30дан тартып аба-ырайынын шартына карап иштеп баштады

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. «Ош» эл аралык аэропорту бүгүн, 23-декабрда саат 10:30дан тартып аба-ырайынын шартына карап иштеп баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Саат 11:30да “Ош” аэропортуна 2 каттам келип конду.

Эскерте кетсек, Ош» эл аралык аэропорту коюу тумандан улам бүгүн эртең менен эрте саат 04:00дө жабылган болчу. Ушундан улам Москванын 3 рейси Бишкектеги кошумча аэродромго («Манас» аэропортуна) конгон.

“Аба ырайынын катаал шартына байланыштуу бүгүн рейстердин кармалуусу жана артка жылдырылуусу мүмкүн. Ушундан улам “Ош” аэропортуна барардан мурда 0(3222) 90101 номерине чалып рейстерди тактап алууңуздарды өтүнөбүз”,-деп айтылат басма сөз кызматы тараткан малыматта.