Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 12:24
 

Республикалык протездик-ортопедиялык жабдыктар мекемеси бир жуманын ичинде 146 майыптын өтүнүчүн аткарды

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Республикалык протездик-ортопедиялык жабдыктар мекемеси бир жуманын ичинде 146 майыптын өтүнүчүн аткарды. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

“Бир жума аралыгында Республикалык протездик-ортопедиялык жабдыктар мекемесине 146 майып адам кайрылды, алардын 9у протезге, 79у протездик-ортопедиялык бут кийимге, калган 58и корсет-бандажга, ортопедиялык батекке муктаж болушкан”-,деди Республикалык протездик-ортопедиялык жабдыктар мекемесинин директору Утан Жунушов.

Ал ошондой эле мекемеде балдардын жамбаш сөөгүн дарылап-түзөтүү үчүн Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан “Жумабеков” жабдыгы ишке киргизилгенин белгиледи.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу