23.12.2016, 11:27

Кар көчкүгө байланыштуу “Сосновка” постунда бардык унаалар үчүн чектөө коюлду

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда 2016-жылдын 23-декабры саат 10:00 баштап Бишкек – Ош унаа жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда көлөмү 12 600 м3 кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда бардык унаалар үчүн ( оор жүк ташуучу жана жеңил унааларга) убактылуу чектөө коюлду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.