Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/12 10:44
 

Бишкек – Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түштү

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда саат 09:20 да Бишкек – Ош унаа жолунун 224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда көлөмү 12 600 м3 кар көчкү түшүп, аталган участокто (224 км гана!) жол каттамы жабылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №23 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 Ротор жана 1 МАЗ унаасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. №97 ӨКБнүн куткаруучулары жол тазалоого жардам көрсөтүүгө жөнөп кеткен. Көчкүдөн жабыркагандар жок.

Мындан тышкары, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 177 км кар көчкү түшкөн, көлөмү такталып жатат. Тазалоо иштерине №160 ЖТИ 1 унаа тартылган. Аталган участок (177 км гана) эки тараптан жабык.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу