Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 09:49
 

ӨКМ: Кар катуу жаап, тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 23-декабрынан 24-декабрына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен кар жаайт, ал эми айрым жерлерде көп өлчөмдө жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

23-декабрдан 25-декабрга чейин абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындан сырткары күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында,Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94- чакырымдарында (Ийри–Суу участкасынын 42-44чм), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Сары-Мойнок, Сөөк ашуусу) унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу