Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/12 18:41
 

Чолпон Султанбекова: “Памирдеги кыргыз балдарын окутууну уюштуруу милдетин Кыргызстан өзүнө алууга даяр”

Бишкек, 22-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 22-декабрда Бадахшан провинциясынын губернатору Бикзат Ахмад Фейсал жетектеген Афганистан Ислам Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, делегациянын аталган сапары эки тараптуу мамилелелердин өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет. Ошондой эле, ал белгилегендей, учурда Кыргызстандын ЖОЖдорунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын чыңдалышына салым кошчу Афганистандын 200 ашуун студенти билим алууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын, ошол эле билим берүү, саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөрүн талкуулашты. Ошондой эле Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстанда окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маселе каралды.

Афганистандын делегация башчысы Бикзат Ахмад Фейсал белгилегендей, этникалык кыргыздардын социалдык абалын жакшыртуу актуалдуу маселе болуп саналат. Эгерде Памир кыргыздарынын балдары билим алууга жетишсе, анда келечекте алар көптөгөн көйгөйлөрдү өз алдынча чече аларын белгиледи.

Вице-премьер-министр Памирдеги кыргыз балдарын окутууну уюштуруу милдетин Кыргызстан өзүнө алууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздардын социалдык абалын жакшыртуу маселеси Өкмөт тарабынан чечилүү деңгээлинде турганын айтты. Бүгүнкү күндө кыргыз тарап Памирдеги этникалык кыргыздарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү күчөтүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу