22.12.2016, 17:46

18 жашка чыга электерге нике кыйылбайт

18 жашка чыга электерге нике кыйылбайт

Бишкек, 22-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө жана кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жашы 18ге жете электерге нике кыюга тыюу салынсын деген мыйзамынын негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №410 буйругу чыкты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукта Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасынын түзүмүндөгү расмий дин кызматкерлери тарабынан (КМДБ аппараты, Казы, Казыят аппараты, райондук хатибият, жалпы имамдар, диний окуу жайлардын мугалимдери) жашы 18ге жете электерге нике кыйылбашы керектиги айтылат. Ошондой эле, КМДБнын түзүмүндө расмий буйругу жок дин кызматкерлери (молдокелер) жашы 18ге жете электерге нике кыйган болсо, КМДБнын жоопкерчилигине алынбайт.