22.12.2016, 14:41

Мамматрезервдер фондунда сатыла турган ун жок - Рустам Каракулов

Бишкек, 22-декабрь /Кабар/. Мамматрезервдер фондунда сатыла турган 600 тонна ун жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди.

Анын айтымында, депутат Жыргалбек Турускуловдун картөшкө таякчасы жугуп, утилдештирүүгө кете турган унду фонд сатып жатат дегени чындыкка дал келбейт.

“Учурда бизде сатыла турган ун жок. Оору жугуп калган 2,4 тонна гана ун бар. Аны малга жем катары бериш үчүн анализин күтүп жатабыз. Депутат айткан Кара-Балта комбинаты өзүнчө ишкана. Биз аны менен келишим боюнча иштешебиз. Алар бизге болгону 2 ай мурда гана ун алып келишкен, демек ага оору жугуп калышы мүмкүн эмес”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн депутат Жыргалбек Турускулов Кара-Балта комбинатынан борбордук кампага алынып келипген унду сактоого зарыл шарттардын жоктугун, 600 тонна ун жараксыз болуп калганын, ага картөшкө таякчасы жугуп калгандыктан, утилдештирүү гана керектигин айткан.