Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
22/12 09:32
 

ӨКМ: республиканын аймагында катуу кар жаашы күтүлөт

Бишкек, 22-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 22-декабрынан 24-декабрына чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, 23-24-декабрда айрым жерлерде катуу жаашы күттүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

23-декабрдан 25-декабрга чейин абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу