Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
21/12 17:42
 

Вице-премьер-министр Жениш Разаков «Бишкек машина куруу заводуна» барды

Вице-премьер-министр Жениш Разаков «Бишкек машина куруу заводуна» барды

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 21-декабрда «Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коомуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жеңиш Разаков мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, заводдун аймагындагы өндүруш цехтерин көрдү. «Бишкек машина куруу заводу» ААК жетекчилиги вице-премьер-министрге чыгарылган продукцияларды көрсөтүп, заводдун азыркы абалы жана өндүрүштөгү финансылык кыйынчылыктар тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «БМЗ» ААК мындан ары өнүгүүнү талап кылган жогорку мүмкүнчүлүктөрүн баса белгиледи.
«Заводдо өндүрүштүн көлөмүн арттырууга чоң ресурстар бар. Бардык өндүрүш кубаттуулугун толук иштеткенде кошумча жумуш орундары түзүлүп, салыктардын түшүүсү көбөймөк, бул албетте өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизет», – деди вице-премьер-министр.

Заводдун ишмердүүлүгү менен таанышкан соң, Жеңиш Разаков тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрүп, ишкананын ишмердүүлүгүн жандандыруу жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, «БМЗ» ААКтын Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы карызын жоюу, ошондой эле аны өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу