Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
21/12 17:38
 

Кыргызстанда 4 мектеп карантинге жабылуу бойдон турат

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандар азайганы менен республика боюнча дагы 4 мектеп карантинге жабылуу бойдон турат, деп билдирди КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка карганда, 19-декабрга карата Кыргызстанда балдардын мектепке баруусу турукташтырылды, болгону 4 мектеп гана карантинге жабылуу бойдон турат

“Жала-Абад облусунда 1 мектеп (Кара-Кулжа району), Ысык-Көл облусунда 2 мектеп (Ысык-Көл жана Ак-Суу райондору), Талас облусунда 1 мектеп (Манас району) карантинге жабылган”-деп маалымдады Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Башка аймактарда мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери штаттык режимде иштеп жатышканын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу