Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
21/12 17:18
 

Муфтияттын ишмердүүлүгү Аалымдар кеңеши тарабынан “жакшы” деп бааланды

Муфтияттын ишмердүүлүгү Аалымдар кеңеши тарабынан “жакшы” деп бааланды

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Аалымдар кеңешине отчетун берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Азирети муфтийдин жана КМДБнын ишмердүүлүгүн “жакшы” деп баалап, мындан ары да эл жана коомчулук менен тыгыз кызматташууну, окутуу жана терс диний агымдар менен күрөшүүдө биргеликте иш алып барып, агартуу жаатындагы иштерге басым жасоо керектигин айтышты.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргызстан Ислам Университетинин конференция залында өттү, ага Аалымдар кеңешинин 18 мүчөсү катышып, күн тартибинде бир топ актуалдуу маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу