Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/12 16:44
 

Акыркы жумада Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар 1,7 эсеге азайды

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандар азаюда, деп билдирди КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, оорулууларга жумалык мониторинг жүргүзүүдө республикада курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун эпидемиологилык абалы туруктуу экендиги байкалган.
“19-декабрга карата оору 1,7 эсеге төмөндөгөн, 12-декабрда курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун белгиси менен 8 миң 735 адам катталса, 19-декабрда 5 миң 21 адам катталган”,-деди басма сөз кызматынан.

Оорунун төмөндөөсү Бишкекте, Ошто жана республиканын бардык облустарында байкалганын Саламаттыкты сактоо министрлиги белгиледи.

“Учурда эпидемиологиялык абал көзөмөлдө, калкка жума сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. Эл арасында курч респиратордук вирустук инфекцияны болтурбоо боюнча санитардык алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү улантылууда”,-деп кошумчалады басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу