Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/12 16:20
 

Шашылыш билдирүү: республиканын аймагында катуу кар жаашы күтүлөт

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 22-декабрдан 24-декабрга чейин мезгил-мезгили менен кар жаашы, 23-24-декабрда айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдын 23-декабрдан 25-декабрга чейин абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу