Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/12 15:42
 

Иран Президентинин Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында өлкө башчылары бир катар маселелерди талкуулашат

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен эртең, 22-декабрда Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргызстанга эки күндүк расмий визит менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Визит алкагында Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани жана Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Иран ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын абалына жана перспективаларына байланышкан маселелерди талкуулашат. Эки мамлекет башчысы эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашат.

Сүйлөшүүлөр соңунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани басма сөз үчүн билдирүү жасашат.

Ошондой эле, биргелешкен документтерге кол коюу белгиленди.
Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен кездешип жана бизнес-форумдун ачылышына катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу