Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/12 15:26
 

Н.Момуналиев: “Аймактык хаб мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө тажрыйба алмашууда жана билимди жогорулатууда зор иштерди жүргүзүүдө”

Н.Момуналиев: “Аймактык хаб мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө тажрыйба алмашууда жана билимди жогорулатууда зор иштерди жүргүзүүдө”

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н.Момуналиев Астанадагы Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Аймактык хабдын Башкаруу комитетинин төрагасы Алихан Байменов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Момуналиев аталган хабдын Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтын өнүгүүсүнө кошкон салымына токтолуп, мындай кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Аймактык хаб мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө тажрыйба алмашууда жана билимди жогорулатуу багытында зор иштерди жүргүзүүдө. Биз Аймактык хаб менен мындан ары да кызматташууну арттырууга кызыкдарбыз”-деди ал.

Алихан Байменов Аймактык хабдын ишмердүүлүгү тууралуу айтып, жакынкы мезгилдерде алар тарабынан мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө аткарыла турган иш-чаралар менен тааныштырды.

Эске салсак, Кыргызстан Аймактык хабдын уюштуруучуларынын бири болуп саналат жана анын активдүү катышуучуларынын катарында. Жолугушуунун жүрүшүндө Аймактык хаб менен кызматташуунун алкагында мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатуу боюнча биргелешкен семинарларды өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген Аймактык хаб 2013-жылы март айында түзүлгөн. Анда 25 өлкө жана 5 эл аралык уюм Аймактык хабды Уюштуруу Декларациясын кабыл алышкан. Аймактык хаб мамлекеттик кызмат чөйрөсүн өнүктүрүү максатында билим жана тажрыйба алмашуу багыты боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө ага 35 өлкөнүн катышуучулары жана 5 эл аралык уюм кирген.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу