Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/12 15:06
 

Россия калктын аялуу катмарын колдоо үчүн Кыргызстанга 5 млн доллар кайтарымсыз жардам бөлдү – БУУ

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Россия калктын аялуу катмарын колдоо үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз жардам катары 5 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлдү. Бул тууралуу БУУнун КРдагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 млн доллар көлөмүндөгү кайтарымсыз жардам Россия Федерациясынын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасын колдоо үчүн жыл сайын берилүүчү төлөмүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Аталган каржы 2017-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бирдиктүү долбоорлорун ишке ашырууга жумшалат.

Атап айтканда кайтарымсыз жардам айыл чарба инфраструктурасын жана дисциплинанын кеңири спектри боюнча адистик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүнүн эсебинен калктын аялуу катмарынын кирешесин көтөрүүгө багытталат.

“РФ тарабынан туруктуу колдоо өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруунун туруктуулугун камсыздап, спектрди кеңейтүүнү жана аялуу катмардагы кыргызстандыктарды колдоо үчүн долбоорлорду камтууну шарттайт”,-деди БУУнун КРдагы азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Рам Сараванамутту.

РФ БУУнун КРдагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башкы өнөктөшү болуп саналат, жалпысынан БУУнун КРдагы аталган программасын колдоого 50 млн доллардан ашык каражат бөлдү

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу