21.12.2016, 14:10

Бишкектин мэри Албек Ибраимов Казакстандын элчиси менен жолукту

 Бишкектин мэри Албек Ибраимов Казакстандын элчиси менен жолукту

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында мэр Албек Ибраимов менен Казакстандын Кыргызстандагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитовдун жолугушуусу болгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Казакстан Республиканын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстандын элчиси Албек Ибраимовдун иштерине ийгиликтерди каалап, жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга Бишкектин биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков, Казакстан Республикасынын элчилигинин кеңешчиси Ербол Ахметов жана Казакстан элчилигинин экинчи катчысы Самат Соканаев катышты.