Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 09:54
 

Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында сулуулардын 25-тобуна кирди

Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында сулуулардын 25-тобуна кирди

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында сулуулардын 25- тобуна кирди. Бул тууралуу ал өзү Instagram соцтармактагы баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Перизат Расулбек кызы 26-ноябрдан 18-декабрга чейин Вашингтондо (АКШ) өткөн «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан катышкан. «Дүйнө сулуусу” таажысын Пуэрто-Риконун өкүлү Стефани Дель Валле жеңип алган. 2-орунду Доминикан Республикасынан барган Яритза Мигелина Рейес Рамирес ээлеген, 3-орунду Индонезиянны өкүлү Наташа Маннуэле алган. Алдыдагы бештикке Кениянын кызы Эвелин Нджамби Тангу менен Филиппиндин кызы Катриона Грэй кирген.

Ал эми Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы дүйнө сулууларынын 25 -тобуна кирди. Бул аны эч кандай ызаланткан жок, анткени анын пикиринде 120 кыздын ар бири акылгөй жана сулуу эле.
“Missworld” сайтында интернет добуш берүүдө мен дүйнө сулууларынын 25-тобуна кирдим. Мени колдогондордун бардыгына ырахмат”-деп жазган ал.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу