Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 09:35
 

ӨКМ: 23-24-декабрь күндөрү кар катуу жаашы күтүлөт

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 22-декабрынан 24-декабрына чейин мезгил-мезгили менен кар жаашы, 23-24-декабрда айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

23-декабрдан 25-декабрга чейин абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу