Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
20/12 17:52
 

Индия Кыргызстанга онкологиялык оорулууларды дарылаган аппарат берет

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-декабрда Индия Республикасына мамлекеттик визититинин алкагында Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу маалында тараптар Кыргызстан менен Индияны салттуу достук алакалары, байыртан келаткан маданий-тарыхый карым-катыштар байланыштырып турарын, эки өлкөнүн демократиялык мамлекеттер экенин белгилешти. Бул факторлор эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бекем негиз болуп саналат.

Тараптар саясый диалогду, БУУ жана ШКУ алкагында өз ара байланыштардуу чыӊдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты жандантуу, соода жүгүртүүнү арттыруу, ошондой эле айыл чарба, саламаттык сактоо, IT технологиялар, коопсуздук, коргонуу жана тоо-кен өнөр жай тармактарында кызматташтыкты жолго салуу боюнча келишимдерге жетишти.

Андан тышкары жолугушууда Индия тарап онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча наркы 1,5-2 млн АКШ долларына барабар Bhabhatron медициналык жабдууну Кыргызстанга берүү тууралуу чечимин билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу